Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    Дөөт элди санаганы үчүн Теңирдин каарданышы

    24:1 Теңир Ысрайылга кайрадан каарданып, Дөөттү Ысрайыл элине каршы козгоп: «Бар, Жүйүт менен Ысрайылды санап кел», – деп айттырды.

    24:2 Падыша жанындагы аскер башчысы Жойапка жана анын кишилерине кайрылды: «Дандан Бейер-Шебага чейинки Ысрайылдын бүт урууларын аралап чыгып, элдин санын эсептеп келгиле, мен элдин санын билишим керек».

    24:3 Жойап падышага: «Кудай-Теңириң канча элиң болсо, дагы ошончо көбөйтсүн, жүз эсе көбөйтсүн, мырзам падыша муну өз көзү менен көрсүн, бирок мырзам падыша бул ишти эмнеге каалап калды экен?» – деди.

    24:4 Бирок падышанын сөзү Жойаптын жана аскер башчылардын сөзүнөн күчтүү болду. Ошентип, Жойап аскер башчылары менен Ысрайыл элин саноо үчүн падышанын алдынан кетишти.

    24:5 Алар Иордандан өтүп, Гат өрөөнүнүн ортосундагы шаардын оң тарабындагы, Жазер тараптагы Аройер шаарына токтошту.

    24:6 Анан Гилатка жана Тахтим-Хотши жерине келишти. Анан алар Дан-Янга келип, Сидонду айланып өтүштү.

    24:7 Тир чебине, анан хиптиктер менен канаандыктардын бардык шаарларына келип, Жүйүт аймагынын түштүгүнө, Бейер-Шебага чыгышты.

    24:8 Ошентип, бардык жерди айланып өтүп, тогуз ай, жыйырма күн дегенде, Иерусалимге келишти.

    24:9 Жойап падышага элдин тизмесин тапшырды. Ысрайылдыктардан сегиз жүз миң, ал эми жүйүттөрдөн беш жүз миң, согушка жарактуу, күчтүү адам бар экени маалым болду.

    Теңирдин Ысрайыл элине жугуштуу оору жибериши

    24:10 үлди санап чыккандан кийин, Дөөттүн жүрөгү солк этти. Анан Дөөт Теңирге: «Мен ушул ишти кылып, оор күнөө кетирдим. эми Сага жалынам, Теңир, өзүңдүн кулуңдун күнөөсүн кечир, анткени мен өтө акылсыз иш кылдым», – деди.

    24:11 Дөөт эртеси эртең менен турганда, Дөөттүн көрөгөчү Гат пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:

    24:12 «Баргын да, Дөөткө айт: Теңир мындай дейт: “Мен сага үч жаза сунуш кылам, алардын ичинен өзүң тарта турган бир жазаны тандап ал”».

    24:13 Гат Дөөткө келип, мындай деп билдирди: «өлкөңдө жети жыл ачарчылык болсунбу, же душмандарың сени кууп, алардан үч ай качып жүрөсүңбү, же өлкөңдү үч күн удаа жугуштуу оору каптасынбы? өзүң танда. Ойлонуп, мени Жибергенге эмне деп жооп беришим керек экенин чеч».

    24:14 Дөөт Гатка: «Мага абдан оор болду, бирок Теңирдин колуна түшкөнүм жакшы, анткени Ал абдан боорукер. Адамдын колуна түшпөсөм эле болду», – деди.

    24:15 Теңир ысрайылдыктарга эртең мененден баштап, белгиленген убакытка чейин жугуштуу оору жиберди. Ошондо Дандан Бейер-Шебага чейин жетимиш миң киши өлдү.

    24:16 Периште Иерусалимди кыйратуу үчүн, ага каршы колун сунду. Бирок Теңир алаамат түшүргөнүнө өкүнүп, элге кыргын салган периштеге: «Жетишет, эми колуңду түшүр», – деди. Теңирдин периштеси ошол учурда жебустук Арабенанын кырманынын жанында эле.

    24:17 Дөөт элге кыргын салган периштени көрүп, Теңирге: «Мен күнөө кетирдим, мыйзамсыз иш кылдым. А бул койлор эмне кылды? Сенин колуң мага жана менин атамдын тукумуна каршы бурулсун», – деди.

    Дөөттүн Арабенанын кырманын сатып алышы

    24:18 Ошол күнү Гат Дөөткө келип: «Баргын да, жебустук Арабенанын кырманына Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай тургуз», – деди.

    24:19 Дөөт Гаттын сөзү, Теңирдин буйругу боюнча барды.

    24:20 Арабена карап, өзүн көздөй келе жаткан падышаны жана анын кулдарын көрдү. Ошондо ал чыгып, падышага жерге чейин ийилип таазим этти.

    24:21 Арабена: «Мырзам падыша өз кулуна эмнеге келди?» – деп сурады. Дөөт: «үлдин кырылганы токтош үчүн, кырманыңды сатып алып, Теңирге курмандык чалынуучу жай тургузганы келдим», – деп жооп берди.

    24:22 Арабена Дөөткө мындай деди: «Мырзам падыша каалаганын алып, курмандыкка чалсын. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынчу өгүздөр мына, эгин бастыргыч менен өгүздүн догосу отун болсун.

    24:23 Падышам, ушунун бардыгын Арабена падышага берип жатат». Арабена падышага дагы мындай деди: «Кудай-Теңир сага ырайым кылсын!»

    24:24 Бирок падыша Арабенага: «Жок! Канча турса, мен сага ошончо төлөп берем. Кудай-Теңириме бекер алынган курмандыкты чалбайм», – деди. Дөөт кырманды, өгүздөрдү элүү күмүш шекелге сатып алды.

    24:25 Анан Дөөт ал жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай тургузуп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана тынчтык курмандыктарын чалды. Ошондо Теңир өлкөгө ырайым кылды, Ысрайылдын кырылганы токтоду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск