Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 42

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    42-БөЛЄМ

    Жусуптун бир туугандары Мисирде

    42:1 Жакып Мисирде эгин бар экенин угуп, уулдарына: «үмне бири-бириңерди карап отурасыңар?

    42:2 Мен Мисирде эгин бар деп уктум. өлбөй тирүү калышыбыз үчүн, ошол жакка барып, эгин сатып келгиле», – деди.

    42:3 Ошондо Жусуптун он бир тууганы Мисирге эгин сатып келгени жөнөп кетишти.

    42:4 Бирок Жусуптун бир тууганы Бенжеминди Жакып аларга кошуп жиберген жок. Анткени ал: «Бул да кырсыкка учурап калбасын», – деди.

    42:5 Ошентип, Ысрайылдын уулдары башкалар менен кошо эгин сатып алууга келишти, анткени Канаан жеринде ачарчылык болуп жаткан эле.

    42:6 Жусуп болсо ал жердин башкаруучусу болгондуктан, жер жүзүндөгү бардык элге эгин сатып жаткан. Жусуптун бир туугандары келип, жерге чейин ийилип, ага таазим этишти.

    42:7 Ошондо Жусуп бир туугандарын көрүп, аларды тааныды, бирок таанымаксан болуп: «Кайдан келдиңер?» – деп, зекий сурады. Алар: «Канаан жеринен, азык сатып алганы келдик», – дешти.

    42:8 Жусуп бир туугандарын тааныды, бирок алар аны таанышкан жок.

    42:9 Ошондо Жусуп алар жөнүндө көргөн түштөрүн үстеп, аларга: «Силер чалгынчысыңар, бул жердин начар жерлерин көргөнү келдиңер», – деди.

    42:10 Алар: «Андай эмес, таксыр, кулдарың азык сатып алганы келишти.

    42:11 Биз бардыгыбыз бир атанын балдарыбыз. Биз чынчыл адамдарбыз. Кулдарың чалгынчы болгон эмес», – дешти.

    42:12 Жусуп аларга: «Жок, силер бул жердин начар жерлерин көргөнү келдиңер», – деди.

    42:13 Алар: «Биз, сенин кулдарың, он эки бир тууганбыз. Биз Канаан жеринде жашаган бир адамдын балдарыбыз, кенже бир тууганыбыз азыр атабыздын жанында, ал эми бирөө жок болду», – дешти.

    42:14 Жусуп аларга: «Силер чалгынчысыңар деп, мен ошон үчүн айткам.

    42:15 үми силер минтип сыналасыңар: фараондун өмүрү менен ант берем, эгерде бул жерге кенже бир тууганыңар келбесе, силер бул жерден чыкпайсыңар.

    42:16 Араңардан бирөөнү жибергиле, ал барып, бир тууганыңарды алып келсин. Силер болсо камала турасыңар. Ошондо силердин айтканыңар чын же калп экени билинет. Чын болбосо, фараондун өмүрү менен ант берем, силер чалгынчысыңар», – деди.

    42:17 Ошентип, Жусуп аларды үч күнгө каматып койду.

    42:18 Yчүнчү күнү Жусуп мындай деди: «үми мындай кылсаңар, тирүү каласыңар, анткени мен Кудайдан корком.

    42:19 үгерде силер чынчыл адамдар болсоңор, анда бирөөңөр силер камалган эйдө камалып турсун. Калганыңар ачка отурган эй-бүлөңөргө эгинди жеткиргиле.

    42:20 Айтканыңар чын болсо, өлгүңөр келбесе, кенже бир тууганыңарды алып келгиле». Алар так ошондой кылышты.

    42:21 Ошондо алар бири-бирине: «Биз бир тууганыбызга кылган күнөөбүз үчүн жазаланып жатабыз. Биз анын жаны кыйналып турганын көргөнбүз, ал бизге жалынып-жалбарганда, аны укпай койгонбуз, ошон үчүн башыбызга ушул кайгы түштү», – дешти.

    42:22 Рубейин аларга мындай деди: «“Балага каршы күнөө кылбагыла”, – деп айтпадым беле? Бирок силер тил албай койгонсуңар. Мына эми анын каны үчүн жазаланып жатабыз».

    42:23 Алар болсо Жусуптун түшүнүп турганын билишкен жок, анткени алардын ортосунда тилмеч бар эле.

    42:24 Жусуп бурулуп, нары басты да, ыйлап жиберди. Анан кайра келип, алар менен сүйлөшүп, алардын ичинен Шымонду алып, бир туугандарынын көзүнчө байлатып салды.

    Жусуптун бир туугандарынын Канаанга кайтып келиши

    42:25 Анан Жусуп: «Булардын каптарына эгин толтуруп, ар биринин каптарына күмүштөрүн кайра салып, жолго жетерлик азык бергиле», – деп буйрук берди. Аларга так ошондой кылышты.

    42:26 Алар эгиндерин эшектерине артып, ал жерден жөнөп кетишти.

    42:27 Жолдо түнөгөнү токтошкондо, алардын бири эшегине жем бермек болуп, каптын оозун чечип, оозунан өзүнүн күмүшүн көрдү.

    42:28 Анан ал бир туугандарына: «Менин күмүшүмдү кайра салып коюшуптур. Мына, ал менин кабымда экен», – деди. Ошондо алардын тынчы кетип, коркконунан калтырашып, бири-бирине: «Кудайдын бизге бул эмне кылганы?» – дешти.

    42:29 Алар Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, болгон окуялардын баарын мындай деп айтып беришти:

    42:30 «Ал жердин башкаруучусу зекий сүйлөп, бизди чалгынчы катары эсептеди.

    42:31 Ошондо биз ага: “Биз чынчыл адамдарбыз, биз чалгынчы болуп көргөн эмеспиз.

    42:32 Биз бир атадан он эки бир тууганбыз. Бир бир тууганыбыз жок болгон, кенже бир тууганыбыз азыр Канаан жеринде, атабыздын жанында”, – дедик.

    42:33 Анан ал жерди башкарган адам бизге: “Силердин чынчыл адам экениңерди мен мындан билейин: бир туугандарыңардын бирин мага калтырып, калганыңар эгинди алып, ачка отурган эй-бүлөңөргө жеткиргиле.

    42:34 Анан кенже бир тууганыңарды мага алып келгиле. Силердин чалгынчы эмес, чынчыл экениңерди ошондо билип, бир тууганыңарды колуңарга берем, ошондо силер бул өлкөгө эүн-үркин келип-кетсеңер болот”, – деди».

    42:35 Алар каптарын бошотуп жатканда, ар биринин кабынан күмүш салынган түйүнчөктөрү чыкты. Күмүш салынган түйүнчөктөрүн көрүшкөндө, өздөрү да, атасы да коркуп кетти.

    42:36 Ошондо атасы Жакып аларга: «Силер мени балдарымдан айрыдыңар. Жусуптан айрылдым, Шымондон да айрылдым, эми Бенжеминди алып кеткиңер барбы?! Мунун баары менин башыма түшкөн мүшкүл!» – деди.

    42:37 Рубейин атасына мындай деди: «үгерде мен сага Бенжеминди алып келбесем, эки уулумду өлтүрүп сал. Аны менин колума тапшыр, мен аны кайра алып келем».

    42:38 Жакып аларга: «Уулум силер менен барбайт, анткени агасы өлүп, өзү жалгыз калды. эгерде силер бараткан жолдо бул да кырсыкка учураса, ак баскан башыма кайгы кошуп, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск