Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 41

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    41-БөЛЄМ

    Жусуптун фараондун түшүн чечмелеши

    41:1 Арадан эки жыл өткөндөн кийин фараон түш көрдү. Түшүндө ал дарыянын жүүгинде туруптур.

    41:2 Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрүптүр.

    41:3 Алардан кийин көрүнүшү начар, арык жети уй чыгып, дарыянын жүүгинде оттоп жүргөн тиги уйларга кошулду.

    41:4 Анан көрүнүшү начар, арык уйлар көрүнүшү жакшы, семиз уйларды жеп салды. Ошондо фараон ойгонуп кетти.

    41:5 Анан ал кайра уктап, дагы түш көрдү. Түшүндө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты.

    41:6 Алардан кийин чүрүшкөн, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай өсүп чыкты.

    41:7 Анан чүрүшкөн буудай баштары бадырайган, дандуу жети баш буудайды жеп салды. Ошондо фараон ойгонуп кетип, мунун түш экенин түшүндү.

    41:8 үртең менен фараондун тынчы кетип, Мисирдин бардык сыйкырчылары менен акылмандарын киши жиберип чакыртып алып, аларга өзүнүн түшүн айтып берди, бирок үч ким анын түшүн чечмелей алган жок.

    41:9 Ошондо башкы шарап сунуучу тура калып, фараонго мындай деди: «Күнөөмдү азыр үстеп жатам.

    41:10 Фараон кулдарына ачууланып, мени жана башкы нан сунуучуну сакчылардын башчысынын үйүндөгү зынданга каматып салган эле.

    41:11 Ошондо биз бир түндө түш көргөнбүз, ага да, мага да өзгөчө мааниси бар түштөр кирген.

    41:12 Ал жерде сакчылардын башчысынын кулу, жаш эврей жигит биз менен бирге болгон. Биз ага көргөн түштөрүбүздү айтып бергенбиз, ошондо ал ар бирибизге түшүбүздү чечмелеп берген.

    41:13 Ал кандай чечмелесе, ошондой болуп чыкты: мен өз ордума кайтып келдим, тигини болсо асышты».

    41:14 Ошондо фараон киши жиберип, Жусупту алдыртты. Аны зындандан шашылыш түрдө чыгарышты. Ал чачын алдырып, кийимин которуп, фараонго келди.

    41:15 Фараон Жусупка мындай деди: «Мен түш көрдүм, бирок аны үч ким чечмелей алган жок. Сени түш чечмелей алат деп уктум».

    41:16 Жусуп фараонго мындай деп жооп берди: «Мен эмес, Кудай аны фараонго жакшылыкка чечмелеп берет».

    41:17 Анан фараон Жусупка түшүн айтты: «Түшүмдө мен дарыя жүүгинде туруптурмун.

    41:18 Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрдү.

    41:19 Алардан кийин арык, көрүнүшү эң начар, кыржыйган жети уй чыкты. Мен бүтүндөй Мисир жеринен андай арык уйларды көргөн эмесмин.

    41:20 Анан жети арык уй мурдагы жети семиз уйду жеп салды.

    41:21 Семиз уйлар алардын ичине кирип кетти, бирок алардын ичине кирип кеткени билинген жок. Алардын көрүнүшү баштагыдай эле арык бойдон калды. Анан мен ойгонуп кеттим.

    41:22 Анан дагы түш көрдүм. Түшүмдө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты.

    41:23 Алардан кийин ичке, чүрүшкөн, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай өсүп чыкты.

    41:24 Анан чүрүшкөн буудай баштары бадырайган жети баш буудайды жеп салды. Мен муну сыйкырчыларга айттым, бирок үч кимиси чечмелей алган жок».

    41:25 Ошондо Жусуп фараонго мындай деди: «Фараондун түштөрүнүн мааниси бир: Кудай эмне кыларын фараонго билдириптир.

    41:26 Жети семиз уй – бул жети жыл. Жети баш дандуу буудай – бул жети жыл. экөө бир түш.

    41:27 Семиз уйлардын артынан чыккан кыржыйган, арык жети уй – бул да жети жыл. Ошондой эле чүрүшкөн, чыгыштын шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай – бул ачарчылыктын жети жылы.

    41:28 Мына ошондуктан мен фараонго: “Кудай эмне кыларын фараонго көрсөттү”, – дедим.

    41:29 Азыр бүткүл Мисир жерине мол түшүмдүү жети жыл келе жатат.

    41:30 Андан кийин жети жылдык ачарчылык келет. Мисир жериндеги бул мол түшүмдүн баары унутулуп, жерди ачарчылык жабыркатат.

    41:31 Ошондо молчулуктан кийин келген ачарчылыктын кесепетинен жердеги мурунку молчулук билинбей калат, анткени ачарчылык аябай катуу болот.

    41:32 Ал эми фараондун түшүнүн эки ирет кайталанышы Кудай сөзүнүн чындык экенин жана жакын арада Кудай аны орундатарын билдирет.

    41:33 үми фараон акылдуу, даанышман адам караштырып көрүп, аны Мисир жерине эл башчы кылып койсун.

    41:34 Фараон жер-жерлерге көзөмөлдөөчүлөрдү коюп, мол түшүмдүү жети жылда Мисир жериндеги түшүмдүн бештен бир бөлүгүн жыйноого буйрук берсин.

    41:35 Алар келе жаткан жакшы жылдардагы эгиндин баарын азык үчүн фараондун карамагына жыйнап, шаарларга чогултуп алышсын да, сактап турушсун.

    41:36 Бул азык Мисир жеринде боло турган жети жылдык ачарчылыкта жер жүзү ачарчылыктан кырылып калбаш үчүн камдалган азык болсун».

    Жусуп – Мисирдин башкаруучусу

    41:37 Бул сөз фараонго жана анын кызматчыларынын бардыгына жакты.

    41:38 Ошондо фараон кызматчыларына мындай деди: «Кудайдын Руху бар ушундай адамды таба алабызбы?»

    41:39 Анан фараон Жусупка мындай деди: «Кудай сага ушунун бардыгын ачып бергендиктен, сендей акылдуу, сендей даанышман адам жок.

    41:40 Сен менин үйүмдү башкарасың, сенин сөзүңдү бүт элим угат, бирок мен сенден тактым менен жогору турам».

    41:41 Ошентип, фараон Жусупка: «Мен сени бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып коём», – деди.

    41:42 Анан фараон колунан шакек мөөрүн чыгарып, Жусуптун колуна салды. Yстүнө зыгыр буласынан кийим кийгизип, мойнуна алтын чынжыр такты.

    41:43 Анан аны өзүнүн арабаларынын экинчисине отургузууга, элге: «Таазим кылгыла!» – деп жар салууга буйрук берди. Ошентип, фараон аны бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып койду.

    41:44 Анан фараон Жусупка: «Мен фараонмун, бүткүл Мисир жеринде сенсиз үч ким үч нерсе кылбайт», – деди.

    41:45 Фараон Жусупка Сапенат-Панейах деген ат койду. Ага аялдыкка Оондун буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинатты алып берди. Жусуп бүткүл Мисир жерин аралаганы чыкты.

    41:46 Жусуп Мисир падышасы фараондун алдына келгенде, отуз жашта эле. Жусуп фараондон чыгып, бүткүл Мисир жерин аралап чыкты.

    41:47 Жер мол түшүмдүү жети жылда ар бир баш буудайдан кочуш толтура дан берип жатты.

    41:48 Ошондо ал Мисир жеринде болгон түшүмдүү жети жылдын ичиндеги бардык эгинди жыйнап, шаарларга жыйып койду. Ар бир шаарга ошол шаардын тегерегиндеги талаанын эгинин жыйдырды.

    41:49 Ошентип, Жусуп абдан көп эгин жыйды. эгин деңиз кумундай көп болгондуктан, санаганын да токтотту, анткени санак жетпей калды.

    41:50 Ачарчылык келгенге чейин, Жусуп эки уулдуу болду. Аларды ага Оондун буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинат төрөп берди.

    41:51 «Кудай менин бардык азабымды, атамдын үйүн унуттурду», – деп, Жусуп тун уулунун атын Менаше койду.

    41:52 «Кудай мени азап чеккен жеримде жемиштүү кылды», – деп, экинчисинин атын эпрайым койду.

    41:53 Ошентип, Мисир жериндеги мол түшүмдүү жети жыл өтүп кетти.

    41:54 Анан Жусуп айткан жети жылдык ачарчылык келди. Бардык жерде ачарчылык болду, бирок Мисир жери нандан өксүгөн жок.

    41:55 Мисир жеринде да ачарчылык башталганда, эл фараондон эгин сурап боздой баштады. Ошондо фараон бүткүл мисирликтерге: «Жусупка баргыла, ал эмне десе, ошону кылгыла», – деди.

    41:56 Бүт жер жүзүндө ачарчылык болду. Жусуп бардык кампаларды ачып, Мисир элине эгин сата баштады. Ачарчылык Мисир жеринде күчөгөндөн күчөй берди.

    41:57 Ошондо Мисирге Жусуптан эгин сатып алыш үчүн, бардык өлкөлөрдөн келип жатышты, анткени ачарчылык бүт жер жүзүндө күчөп турган эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск