Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Машайакчылардын ишеним жолу

    12:1 Ушундай көп күбөлөрдүн курчоосундагы биз ар кандай түйшүктөн жана оңой эле чырмап алчу ар кандай күнөөдөн арылып, алдыбыздагы жарыштын аягына чыдамдуулук менен чыгалы.

    12:2 Ишенимибиздин баштоочусу жана бүтүрүүчүсү болгон Ыйсаны карайлы. Ал алдыда күтүп турган кубанычтын ордуна, шылдың болгонуна карабай, айкаш жыгачка керилип, азапка чыдады, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурду.

    12:3 Алдан тайып, кайратыңардан жазбашыңар үчүн, күнөөкөрлөрдөн ушундай кордук көргөн Ыйса жөнүндө ойлогула.

    12:4 Күнөөгө каршы силер кан төгүлгүчө күрөшө элексиңер.

    12:5 Силерге уулдары катары «Уулум, Теңирдин жазасын четке какпа, Ал сенин айыбыңды ашкерелегенде, көңүлүңдү чөгөрбө.

    12:6 Анткени Теңир кимди сүйсө, ошону жазалайт. Кабыл алган ар бир уулун уруп-сабайт» деп айтылган насаатты да унутуп койдуңар.

    12:7 Тарбияланышыңар үчүн чыдагыла, анткени Кудай силерге уулдарындай мамиле кылып жатат. Атасы жазалабаган уул барбы?

    12:8 Уулдарынын баарын жазалайт, эгерде жазаланбасаңар, анда силер өз эмес, никесиз төрөлгөн балдарсыңар.

    12:9 Бизди жазалаган ата-энебизди коркунуч менен урматтасак, анда жашашыбыз үчүн, рухий Атабызга андан бетер баш ийишибиз керек эмеспи?

    12:10 Алар бизди кыска гана убакыт үчүн, өздөрү туура көргөндөй жазалашкан. Кудай болсо бизге пайдалуу болушу үчүн, өзү ыйык болгонундай, бизди да ыйык кылыш үчүн жазалайт.

    12:11 Убагында ар бир жаза кубанычтай эмес, кайгыдай туюлат. Бирок ал аркылуу тарбиялангандан кийин, ал адилеттиктин тынчтык берүүчү жемишин берет.

    12:12 Ошондуктан чарчаган колуңарды, алсыраган тизеңерди чыңдагыла.

    12:13 Аксагандар жолдон чыкпай, оңолушу үчүн, түз жол менен жүргүлө.

    12:14 Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга жана ыйык болууга умтулгула, ыйык болмоюнча, үч ким Теңирди көрбөйт.

    12:15 үч ким Кудайдын ырайымынан ажырап калбашы үчүн, кандайдыр бир ачуу тамыр өсүп чыгып, зыян келтирбеши үчүн жана ал аркылуу көптөр булганбашы үчүн сак болгула.

    12:16 Араңарда тамак үчүн өзүнүн тунгучтугун сатып жиберген эйсапка окшогон бузулган, кудайсыз адам болбошу үчүн сак болгула.

    12:17 өзүңөр билесиңер, кийин эйсап батаны мурастагысы келсе да, четке кагылган. Көз жашын төгүп жалбарса да, атасынын чечимин өзгөртө алган эмес.

    12:18 Силер көзгө көрүнгөн, жалындап күйгөн тоого, караңгылыкка, коюу караңгылыкка, бороон-чапкынга,

    12:19 сурнай үнүнө, угулган энгө жакындап келген жоксуңар. Ал эндү уккандар: «Мындан ары бизге сүйлөбөсүн», – деп жалбарышкан.

    12:20 Анткени алар «үгерде тоого жырткыч жакындаса да, ал таш бараңга алынат (же жаа менен атып өлтүрүлөт)» деген буйрукка чыдай алышкан эмес.

    12:21 Көрүнүш ушунчалык коркунучтуу болгондуктан, Муса да: «Коркуп, титиреп турам», – деген.

    12:22 Силер болсо Сион тоосуна, тирүү Кудайдын асмандагы Иерусалим шаарына, түмөндөгөн периштелерге,

    12:23 салтанаттуу чогулушка, ысымдары асмандагы китепке жазылган тунгучтардын Жыйынына, баарынын соттоочусу болгон Кудайга, жеткилеңдикке жеткен адилеттүүлөрдүн рухтарына,

    12:24 жаңы келишимдин арачысы Ыйсага, Абылдын канынан да жакшы сүйлөгөн чачыратылуучу канга жакындап келдиңер.

    12:25 Силерге сүйлөгөн Кудайдан баш тартуудан сак болгула. эгерде тигилер жер үстүндө сүйлөгөн Мусага кулак салбай жазаланышкан болсо, андан бетер биз, эгерде асмандан сүйлөгөн Кудайга кулак салбасак, жазадан качып кутула албайбыз.

    12:26 Ошол убакта Анын үнү жерди солкулдаткан. Азыр болсо Ал: «Жерди гана эмес, асманды да дагы бир жолу солкулдатам», – деп убада берди.

    12:27 Солкулдабаган нерселер калышы үчүн, «дагы бир жолу» деген сөз солкулдаган, башкача айтканда, жаратылган нерселер өзгөрөрүн билдирет.

    12:28 Ошондуктан солкулдабаган Падышачылыкты кабыл алган биз Кудайга ыраазычылык билдирели, коркуу жана урмат көрсөтүү менен, Ага жаккандай кызмат кылалы.

    12:29 Анткени биздин Кудайыбыз – жалмап салуучу от.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск