Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    Иерусалим жөнүндөгү пайгамбарчылык

    22:1 Аян өрөөнү тууралуу пайгамбарчылык. Сага эмне болду? эмне үчүн сенин бүт элиң эйдүн төбөсүнө чыгып алды?

    22:2 Бака-шака түшкөн, толкунданган шаар, шаңдуу шаар! Сенин өлгөн элиң кылычтан өлгөн жок, согуштан кырылган жок.

    22:3 Сенин жол башчыларыңдын баары бирге качышты, бирок алар жаасыз эле колго түшүштү. Канчалык алыс качышпасын, сенин жоокерлериңдин бардыгы байлануу.

    22:4 Ошондуктан мен: «Мени жайыма койгула, мен катуу ыйлайм. элимдин кызынын башына алаамат түшкөндө, мени сооротом деп аракет кылбагыла», – деп айтып жатам.

    22:5 Анткени эгедерден, Себайот Теңирден, Аян өрөөнүнө алаамат түшүргөн, адам укугун тебелеген, дүрбөлөң салган күн келди. Дубалдарды уратып, кыйкырып жатышат. Алардын кыйкырыгы тоого жетип жатат.

    22:6 эйлам саадак көтөрүп бара жатат. Арабада отурган адамдар, атчандар келе жатышат, Кир калканын колуна алды.

    22:7 Мына, сенин эң сонун өрөөндөрүң майдан арабаларына толду, атчандар дарбазанын тушуна катарга тизилип турушту.

    22:8 Алар Жүйүттүн жабуусун сыйрып алып жатышат. Ошол күнү сен кедр жыгачынан жасалган эйдө сакталып турган куралга көз жибересиң.

    22:9 Бирок силер Дөөттүн шаарынын дубалында тешиктер көп экенин көрүп турасыңар жана төмөнкү көлмөгө суу топтоп жатасыңар.

    22:10 Силер Иерусалимдеги үйлөрдү белгилеп жатасыңар, дубалдарды бекемдеш үчүн, үйлөрдү уратып жатасыңар.

    22:11 үки дубалдын ортосуна эски көлмөнүн суулары үчүн суу сактагыч куруп жатасыңар. Бирок муну Жасап Жатканды көрбөй жатасыңар, муну эбак эле Чечип Койгонду карабай жатасыңар.

    22:12 Ошондуктан Теңир, Себайот Теңир, ушул күнү силерди ыйлаганга, кайгырганга, чачыңарды жулганга, белиңерге зумбал байлаганга чакырат.

    22:13 Бирок мына, шаттык жана кубаныч! өгүздөрдү да, койлорду да союп жатышат. эт жеп, шарап ичип: «Бүгүн ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз!» – деп жатышат.

    22:14 Себайот Теңир менин кулагыма муну ачты: «Бул мыйзамсыздыгыңар силер өлгөнгө чейин кечирилбейт», – деди Теңир, Себайот Теңир.

    Шебнага берилген эскертүү

    22:15 Теңир, Себайот Теңир, мындай деди: «Жөнө, падыша сарайынын кызматчысы, сарай башчысы Шебнага барып, мындай деп айт:

    22:16 “Бул жерде сенин эмнең бар, бул жерде сенин кимиң бар? эмне үчүн сен өзүңө бул жерге, асканын бооруна мүрзө оюп жатасың?” Ал өзүнө бийик жерге, асканын бооруна мүрзө оюп жатат, өзүнө аскага турак жай оюп жатат».

    22:17 Мына, Теңир сени алп киши ыргыткандай ыргытып жиберет, тоголоктоп, мыкчып салат.

    22:18 Сени түйүнчөккө түйүп, кең жерге топтой кылып ыргытып жиберет. Сен ошол жерде өлөсүң, ошол жерде эң сонун майдан арабаларың мырзаңдын үйү үчүн шылдың болот.

    22:19 «Ошентип, сени турган жериңден түртүп жиберем, сени даражалуу жериңден кулатышат.

    22:20 Ошол күнү өзүмдүн кулум Хилкиянын уулу элийакимди чакырам.

    22:21 Ага сенин кийимдериңди кийгизем, белин сенин куруң менен курчайм, сенин бийлигиңди анын колуна өткөрүп берем. Ошондо ал Иерусалимдин тургундары үчүн да, Жүйүт үчүн да ата болуп калат.

    22:22 Анан Дөөттүн ачкычын анын ийнине салам; Ал ачат, үч ким жаппайт, ал бекитет, үч ким ачпайт.

    22:23 Аны бекем жерге кагылган мыктай кылам. Ошондо ал атасынын үйү үчүн атак-даңктын тагы болот.

    22:24 Ага атасынын үйүнүн, балдарынын жана неберелеринин бүт даңкы илинет, эй буюмунан тартып акыркы музыкалык аспаптарына чейин илинет.

    22:25 Ошол күнү, – дейт Себайот Теңир, – бекем жерге кагылган мык бошоп, суурулуп, жерге түшөт, ага илинген жүктүн баары түшөт». Анткени Теңир ушинтип айтып жатат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск