Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Текебердик үчүн жазалоо

    3:1 Теңир, Себайот Теңир, Иерусалим менен Жүйүттү койчу таягынан, бийлик таягынан, нанынан, суусунан,

    3:2 үр жүрөк жол башчысынан, жоокеринен, башкаруучусунан, пайгамбарынан, көрөгөчүнөн, аксакалынан,

    3:3 үлүү башчысынан, төрөсүнөн, кеңешчисинен, акылдуу сүрөткеринен, сөзгө чечен адамынан ажыратат.

    3:4 «Мен аларга жаш балдарды башчы кылам, алардын үстүнөн балдар бийлик кылышат.

    3:5 Адамдар бири-бирин эзишет, жакыны жакынын эзет, жаштар карыларды сыйлашпайт, карапайым адам өзүн төрөдөн жогору коёт».

    3:6 Ошондо бир тууган бир тууганына, баласы атасына жармашып: «Сенин кийимиң бар, бизге жол башчы бол, мына бул урандыларды өз колуңа ал», – деп айтат.

    3:7 Ал болсо ант берип: «Коомдун жарасын айыктыра албайм, анткени үйүмдө нан да, кийим да жок. Мени элге жол башчы кылбагыла», – дейт.

    3:8 Иерусалим ушинтип урады, Жүйүт ушинтип кулады, анткени алар тили менен да, иштери менен да Теңирге каршы чыгышат, Анын даңкынын көздөрүнө акарат келтиришет.

    3:9 Алардын жүздөрү өздөрүнө каршы күбөлөндүрүп турат, алар содомдуктарга окшоп өз күнөөлөрүн ачык эле айтышат, жашырышпайт. Алардын жанына кайгы! Анткени алар өздөрүнө өздөрү кыянаттык кылышты.

    3:10 Адил адамга жакшы болорун айтып койгула, анткени ал өз иштеринин жемишин жейт.

    3:11 Ал эми мыйзамсызга кайгы, анткени ал өз колу менен кылган иштери үчүн жазасын алат.

    3:12 «үлимди эзип жаткандар – балдар, элиме аялдар бийлик кылып жатышат. элим! Сени өзүңдүн жол башчыларың адаштырып жатышат, алар сени тескери жолго салышты».

    Теңирдин өз элин соттоосу

    3:13 Теңир соттоо үчүн ордунан турду, элдерди соттоо үчүн турду.

    3:14 Теңир өз элинин аксакалдарын жана төрөлөрүн соттой баштады: «Силер жүзүмзарды талкаладыңар, кедей-кембагалдардан талап-тоноп алганыңар үйүңөрдө турат.

    3:15 Силер эмне үчүн Менин элимди кысымга алып, кедей-кембагалдарды эзип жатасыңар?» – дейт Теңир, Себайот Теңир.

    3:16 Анан Теңир мындай деди: «Сиондун кыздары текебер, баштарын көтөрүп басышат, көздөрү менен азгырышат, кербездене басышат, бутундагы чынжырларын шыңгыратып басышат.

    3:17 Ошон үчүн Теңир алардын төбөсүн жылаңачтайт, Теңир алардын абийирин ачат».

    3:18 Ошол күнү Теңир алардын буттарындагы кооз чынжырларын, жылдызчаларын, айчаларын,

    3:19 сыргаларын, мончокторун, чоң желпигичтерин, чач байлагычтарын, билериктерин, курларын, атырларын, сыйкырдуу тумарларын,

    3:20 манжаларындагы, мурундарындагы шакектерин,

    3:21 сый кийимдерин, жамынгычтарын, чапандарын, намыяндарын,

    3:22 күзгүлөрүн, жука көйнөктөрүн, шалы жоолуктарын, жабууларын алып коёт.

    3:23 Ошондо жыпар жыт ордуна сасык жыт, кур ордуна аркан, тармал чач ордуна такыр баш, кенен чапан ордуна тар зумбал, сулуулук ордуна так болот.

    3:24 үркектериң кылычтан өлөт, эр жүрөк жигиттериң согушта өлөт.

    3:25 Борбор шаардын дарбазасы эшкүрүп ыйлайт, ал кыйрап, жерге отуруп калат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск