Сопардын биринчи сөзү
11:1 Ошондо наамалык Сопар мындай деп жооп берди:
11:2 «Көп сөз кантип жоопсуз калсын? Же көп сүйлөгөн адамдыкы эле туура бекен?
11:3 Сенин маңызсыз сөздөрүң адамдардын оозун жаба алабы? Же ооз көптүргөн сөздөрүң үчүн сени уяткарып койчу адам жок бекен?
11:4 Сен: “Менин оюм туура, Сенин алдыңда мен тазамын”, – дедиң.
11:5 үгерде Кудай сүйлөсө, Ал сага каршы сүйлөсө,
11:6 сага адамдын акылы жеткис терең сырларын ачса, анда сен эки эсе жазаланат элең! Ошондуктан билип кой, Кудай сенин күү бир мыйзамсыз иштериңди эсине алган жок.
11:7 Кудайды сен изилдөөң менен таба аласыңбы? Кудуреттүү Кудайды толук түшүнө аласыңбы?
11:8 Ал асмандан да бийик, эмне кыла аласың? Ал өлгөндөр жаткан жайдан терең, эмне биле аласың?
11:9 Анын ченеми жерден узун, деңизден кенен.
11:10 үгерде Ал өтүп бара жатып эле кимдир бирөөнү туткундап алып, жазага тартса, Ага ким каршы чыга алат?
11:11 Анткени Ал калпычы адамдарды билет, мыйзамсыздыкты көрүп турат, анан кантип ага көңүл бурбай койсун?
11:12 Жапайы эшектен адам төрөлбөгөндөй эле, акылсыз адам акылдуу боло албайт.
11:13 үгерде жүрөгүңдү өзгөртүп, Кудайга колдоруңду сунсаң,
11:14 үгерде сенин колуңда күнөө болсо, бирок аны жоюп койсоң, өз чатырыңда мыйзамсыздыктын жашашына жол бербесең,
11:15 анда жүзүң жарык болот, бекем болосуң, коркпойсуң.
11:16 Ошондо сен кайгыны унутасың, аны агып кеткен суудай эскересиң.
11:17 өмүрүң чайыттай ачык күндөн да ачык болот. Таң сыяктуу агарасың.
11:18 Тынч жашайсың, анткени эмүтүң бар. Сен коргоодосуң, ошондуктан тынч уктай берсең болот.
11:19 Жатканда, сени үч ким коркутпайт. Көпчүлүк сенден ырайым издейт.
11:20 Ал эми мыйзамсыздар карайлап калышат, баш калкалар жайынан айрылышат, эмүттөрү эзүлөт».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК