Аюбдун эчөөнө тең жооп бериши
12:1 Аюб мындай деп жооп берди:
12:2 «Чынында, силер, бар болгону, адамсыңар, акылмандыгыңар өзүңөр менен кошо жок болот!
12:3 Менде да силердикиндей эле жүрөк бар. Силерден мен кем эмесмин. Муну ким билбейт?
12:4 өз досума шылдың болдум, Кудайга кайрылып жүргөн, Анын өзүнөн жооп алып жүргөн мендей адил, кемчиликсиз адам күлкү болду.
12:5 Тынч жашаган адам кырсыкты жек көрүү керек деп эсептейт, кырсык бутунан мүдүрүлгөнгө даярдалган деп ойлойт!
12:6 Талап-тоноочулар өз үйлөрүндө тынч жашашат, Кудайды өз колуна көтөрүп жүргөнсүп, Аны каарданткандар да коопсуз жашашат.
12:7 Чынында, жаныбардан сурасаң, ал сага эйрөтөт, асмандагы чымчыктан сурасаң, ал сага кабарлайт.
12:8 Же болбосо жер менен маектешип көр, ал сага акыл-насаат айтат, деңиздеги балыктар да сага айтып беришет.
12:9 Ушунун бардыгын көрүп туруп, муну Теңирдин колу жаратканын ким билбейт?
12:10 Ар бир тирүү жандын жаны, ар бир адамдын руху Анын колунда.
12:11 Сөздү айырмалаган кулак эмеспи? Тамактын даамын билген тил эмеспи?
12:12 Даанышмандык карыларда, акыл көп жашагандарда болот.
12:13 Акылмандык менен күч Кудайда. Акыл менен кеңеш Анда.
12:14 Ал кыйраткан нерсе кайра курулбайт. Ал камаган бошонбойт.
12:15 Сууларды токтотуп койсо, бардыгы куурап калат. Коё берсе, жер көркүнө чыгат.
12:16 Кудурет да, даанышмандык да Анда, адашкан адам да, адаштырган адам да Анын алдында.
12:17 Ал кеңешчилерди акыл-үсинен ажыратат, сотторду акылсыз кылат.
12:18 Ал падышаларды кишенден бошотот, алардын белдерин кур менен курчайт.
12:19 Төрөлөрдү даражасынан ажыратат, эр жүрөктөрдүн күчүн майтарат.
12:20 Чечендерди тилинен, карыларды акылынан ажыратат.
12:21 Атактууларды уятка калтырат, күчтүүлөрдү алсыратат.
12:22 Караңгы туңгуюктун түпкүрүн ачат, өлүм көлөкөсүн жарыкка чыгарат.
12:23 үлдерди көбөйтөт да жок кылат. элдерди чачыратып жиберет да чогултат.
12:24 үл башчыларын акылдан ажыратат, жолсуз чөлгө калтырат.
12:25 Алар жарыгы жок караңгы жерде сыйпалап басышат, мастардай темтеңдешет».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК