Сопардын сөзү
20:1 Наамалык Сопар мындай деп жооп берди:
20:2 «өзүмдүн ойлорум мени жооп берүүгө түртүп жатат, ошондуктан мен аны билдирүүгө шашылам.
20:3 Мени ыза кылган жемени уктум, мен үчүн акыл-үсим жооп берет.
20:4 Сен эмне, байыртадан бери, адам баласы жер бетине коюлгандан бери эмне болгонун билбейсиңби?
20:5 Мыйзамсыздардын шаттыгы убактылуу экенин, эки жүздүүнүн кубанычы көз ирмем экенин билбейсиңби?
20:6 Анын даражасы асманга жетсе да, төбөсү булуттарга тийсе да,
20:7 өзүнүн заңына окшоп, ал түбөлүккө жоголот. Аны көргөндөр: “Ал кайда?” – дешет.
20:8 Көргөн түштөй көздөн кайым болот, аны таппай калышат. Ал түнкү көрүнүштөй жоголот.
20:9 Аны көргөн көз аны экинчи көрбөйт, ал отурган орун аны билбей калат.
20:10 Анын уулдары жакырлардан кайыр сурап калат, ал уурдагандарын өз колу менен кайрып берет.
20:11 Анын сөөктөрү жаштыктын күчүнө толгон, бирок ал аны менен бирге топуракка жатат.
20:12 үгерде кыянаттык анын оозунда балдай таттуу болсо, ал аны тилинин астында жашырып турса,
20:13 аны сактап жүрсө, таштап салбай, оозунда кармап жүрсө,
20:14 анда анын ушул тамагы ичинде уулуу жыландын уусуна айланат.
20:15 Ал жутуп алган байлыгын кайра кусат. Кудай аны анын курсагынан чыгарат.
20:16 Ал жыландын уусун соруп жатат, аны уулуу жыландын тили өлтүрөт.
20:17 Ал бал менен сүт аккан өзөндөрдү, дарыяларды көрбөй өтөт.
20:18 Тапканын кайтарып берет, жутпайт. Анын алган жазасы да байлыгына жараша болот, кубанбайт.
20:19 Анткени ал жакырларды эзген, куру кол коё берген, өзү курбаган үйлөрдү тартып алган.
20:20 Курсагы тойгонун билбеген, ач көздүгүнөн үч нерсени аяган эмес.
20:21 Анын соргоктугунан үч нерсе качып кутулган эмес. Ошон үчүн анын бактысы туруктуу эмес.
20:22 Ашып-ташыган молчулук болуп турса да, ал кысталышта калат. Ыза болгон ар ким ага кол көтөрөт.
20:23 Ал курсагын толтургандан кийин, Кудай ага өзүнүн каарын чачат да, анын денесине дарт жаадырат.
20:24 Ал темир куралдан качып кутулса, аны жез жебе тешип өтөт.
20:25 Жебени сууруп алайын десе, ал денесин тешип чыгат, жарк этип, өтүн тешип чыгат. Аны өлүм коркунучу басып калат!
20:26 Бардык караңгы нерселер анын ичинде жашырылган. Аны үч ким тутантпаган от жалмайт. Анын чатырында тирүү калганын да кырсык басат.
20:27 Анын мыйзамсыздыгын асман ачат, жер ага каршы чыгат.
20:28 Анын үйүнө жыйганы жок болот, Кудайдын каары келген күнү бардыгы агып жок болот.
20:29 Мыйзамсыз кишиге Кудай берген элүш ушул, кудуреттүү Кудай бөлүп берген мурас ушул».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК