Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Аюбдун алтынчы жообу

    21:1 Аюб мындай деп жооп берди:

    21:2 «Менин сөзүмдү кунт коюп уккула, силердин укканыңар менин көңүлүмдү жубатат.

    21:3 Чыдап тургула, мен сүйлөйүн. Мен айтып бүткөндөн кийин, шылдыңдай бергиле.

    21:4 Мен адамга даттанып жатамбы? Анан кантип мен жүрөкзаадалык кылбайын?

    21:5 Мени карагыла, эрөйүңөр учсун. Колуңар менен оозуңарды жапкыла.

    21:6 үстесем эле селт этем, денемди калтырак басат.

    21:7 үмне үчүн мыйзамсыздар жашап, карылыкка жетишет, анан калса, күүлүү-күчтүү?

    21:8 Балдары тегерегинде, неберелери маңдайында.

    21:9 Yйлөрү коркунучтан коопсуз, алардын үстүндө Кудайдын таягы жок.

    21:10 Алардын букалары тукум берет, уругун бекер агызбайт. Алардын уйлары тууйт, музоо салбайт.

    21:11 өз балдарын малды жайытка чыгаргандай чыгарышат, алардын балдары так секирип ойношот.

    21:12 Дап менен кыл аспаптын коштоосунда ырдашат, чоордун коштоосунда көңүл ачышат.

    21:13 Күндөрүн бактылуу өткөрүшөт да, өлгөндөр жаткан жайга көз ирмемде киришет.

    21:14 Ошондой болсо да алар Кудайга мындай дешет: “Бизден ары кет, Сенин жолдоруңду билгибиз келбейт!

    21:15 Биз кызмат кылгыдай, кудуреттүү Кудай ким болуп калыптыр? Ага кайрылганда эмне пайда?”

    21:16 Көрдүңбү, алардын бактысы өздөрүнүн колунан чыккан эмес. Мыйзамсыздардын кеңеши менден алыс болсун!

    21:17 Мыйзамсыздардын чырагы күүде эле өчөт, алардын башына күүде эле мүшкүл түшөт, Кудай өзүнүн каары менен аларды күүде эле кайгыга салат.

    21:18 Алар шамал алдындагы самандай, куюн учурган жука кабыктай болушу керек.

    21:19 “Кудай алардын ордуна балдарын жазалайт”, – дейсиң. Ал өз күнөөсүн билиш үчүн, Кудай анын өзүн жазаласын.

    21:20 Ал өз жазасын өзү тартсын, кудуреттүү Кудайдын каарын ал өзү ичсин.

    21:21 Анткени анын көзү өткөндөн кийин, эй-бүлөсүнө кандай тиешеси бар?

    21:22 Кудай асмандагыларды да жазага тартып жатса, ким Ага акыл эйрөтө алат?

    21:23 Күү бирөөлөр өз күчү толуп турганда, кайгы-капасыз тынч өлүшөт.

    21:24 Анын ичеги-карды майлуу, анын жилиги чучуктуу.

    21:25 Күү бирөөлөр жакшылык көрбөй, жаны кайгыга батып өлүшөт.

    21:26 Бирок экөө тең топуракка жатат, аларды курт каптайт.

    21:27 Мага каршы ойлоп тапкан оюңар менен амалыңарды билем.

    21:28 “Төрөнүн үйү кайда? Мыйзамсыздар жашаган чатыр кайда?” – дейсиңер.

    21:29 Силер саякатчы адамдардан сураган жок белеңер? Алардын байкоолору менен тааныш эмессиңерби?

    21:30 Зулумга өлөр күнү да ырайым болорун, каар күнү ал четте каларын билбейсиңерби?

    21:31 Ага жолун ким көрсөтөт? Кылган иши үчүн анын жазасын ким берет?

    21:32 Аны көргө узатышат, анын мүрзөсүнө сакчы коюшат.

    21:33 Ага өрөөндүн кесек таштары да жакшы көрүнөт, анын артында толгон эл баратат, алдында бараткандарга сан жетпейт.

    21:34 Мени курулай сөздөр менен соороткуңар барбы? Силердин жообуңар жалаң калп болуп жатат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск