үлипаздын үчүнчү сөзү
22:1 Теймандык элипаз мындай деп жооп берди:
22:2 «Адам Кудайга пайда келтире алмак беле? Акылдуу өзүнө пайда келтирет.
22:3 Сенин адил болгонуңдан кудуреттүү Кудай кандай ырахат алмак эле? өз жолуңду таза сактаганыңдан Ага кандай пайда?
22:4 Ал сенден коркуп кетип, сени менен талашып-тартышмак беле? Сени менен соттошмок беле?
22:5 Чын эле, сенин кыянаттыгың чоң болсо керек, сенин мыйзамсыздыгыңа чек жок болсо керек.
22:6 Чын эле, сен үч нерсе бербей туруп, бир туугандарыңдан күрөө алсаң керек, ач-жылаңачтардын кийимин сыйрып алсаң керек.
22:7 Суусаганга суу бербесең керек, ачкага нан бербесең керек.
22:8 Ал эми алдуу-күчтүүгө жер берсең керек, ал жерге мансабы чоң киши отурукташса керек.
22:9 Жесирлерди үч нерсе бербей кетирсең керек, жетимдерди куру кол калтырсаң керек.
22:10 Ошон үчүн туш тарабыңа тузак коюлду, сени күтүлбөгөн коркунуч басты.
22:11 Же болбосо көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптады, ташкындаган сел астында калдың.
22:12 Кудай асмандан да жогоруда эмеспи! Түү бийиктеги жылдыздарды карачы, алар канчалык бийик!
22:13 Сен болсо: “Кудай эмнени билет? Ал караңгылыктан бизди көрүп, соттой алмак беле?
22:14 Булут – Анын пардасы, ошондуктан Ал үч нерсе көрбөйт, асман мейкиндигинде гана жүрөт”, – дейсиң.
22:15 Сен, чын эле, байыркылардын жолун жолдоп жүрсөң керек. Ал жол менен мыйзамсыз адамдар жүрүшкөн,
22:16 алардын негизинин астын суу каптаганда, алар мезгилсиз кырылышкан.
22:17 Алар Кудайга: “Бизден оолак бол” – дешкен. Алар: “Кудуреттүү Кудай бизге эмне кыла алмак эле?” – дешкен.
22:18 Бирок алардын үйлөрүн Ал мал-мүлккө толтурду. Бирок мыйзамсыздардын кеңеши менден алыс болсун!
22:19 Адилдер көрүп кубанышты, такыбаа адам аларга:
22:20 “Душманыбыз кырылды, алардан эмне калса, ошону от жалмады”, – деп күлдү.
22:21 Кудайга жакында, Аны менен элдеш, ушул аркылуу сага жакшылык келет.
22:22 Анын оозунан чыккан мыйзамды кабыл ал, Анын сөздөрүн көкүрөгүңө түйүп ал.
22:23 үгерде кудуреттүү Кудайга кайрылсаң, анда кайра калыбыңа келесиң, үйүңдү мыйзамсыздыктан арылтасың.
22:24 Алтын сен үчүн топурактай, Опир алтындары суудагы таштардай болуп калат.
22:25 Кудуреттүү Кудай сенин алтының жана жаркыраган күмүшүң болот.
22:26 Ошондо сен кудуреттүү Кудайдан кубаныч аласың, Кудайга башыңды көтөрөсүң.
22:27 Сыйынасың, үнүңдү угат, сен да өз убадаларыңды орундатасың.
22:28 Бир нерсени ниет кыласың, ал ниетиң ишке ашат, жолуңа жарык чачырайт.
22:29 Кимдир бирөө кемсинтилгенде, сен: “Жогору көтөрүлүү”, – дейсиң. Ошондо Ал көңүлү чөккөндү куткарат.
22:30 Ал айыптуу адамды да куткарат. Ал адам сенин колуңдун тазалыгы менен куткарылат».
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК