Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Лазардын тирилиши

    11:1 үже-сиңди Мариям менен Марта жашаган Бетания деген айылда Лазар деген бир адам ооруп жатты.

    11:2 Ыйсаны жыпар жыттуу май менен майлаган, Анын бутун чачы менен аарчыган ушул Мариям болчу. Ооруп жаткан Лазар анын бир тууганы эле.

    11:3 «Теңир, жакшы көргөн адамың ооруп жатат», – деп, эже-сиңди Ыйсага айттырып жиберишти.

    11:4 Ыйса муну укканда: «Ал бул оорудан өлбөйт, бул – Кудайдын даңкталышы үчүн жол берилген оору. Бул аркылуу Кудай Уулу даңкталат», – деди.

    11:5 Ыйса Мартаны, анын сиңдисин жана Лазарды жакшы көрчү.

    11:6 Ал Лазардын ооруп жатканын укса да, жүргөн жеринде дагы эки күн болду.

    11:7 Андан кийин шакирттерине мындай деди: «Жүргүлө, Жүйүт аймагына кайра баралы».

    11:8 Шакирттери Ага: «Устат, жүйүттөр жакында эле Сени таш бараңга алып өлтүргөнү жатышпады беле? Анан кайра ошол жакка барганы жатасыңбы?» – дешти.

    11:9 Ыйса аларга: «Бир күндө он эки саат жарык болот эмеспи. Күндүз жүргөн адам мүдүрүлбөйт, анткени ал бул дүйнөнүн жарыгын көрүп турат.

    11:10 Ал эми түн ичинде жүргөн адам мүдүрүлөт, анткени анын ичинде жарык жок», – деп жооп берди.

    11:11 Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, аларга: «Досубуз Лазар уктап калды, бирок Мен барып, аны ойготом», – деди.

    11:12 Шакирттери Ага: «Теңир! Уктап жатса, анда айыгат», – дешти.

    11:13 Ыйса Лазардын өлүп калганы жөнүндө айткан эле, шакирттери болсо анын жөн эле уктап жатканы жөнүндө айтып жатат деп ойлошту.

    11:14 Ошондо Ыйса ачык эле мындай деди: «Лазар өлүп калды.

    11:15 Силер үчүн кубанып жатам. Силердин ишенип калышыңар үчүн, Менин ал жакта болбогонум жакшы болду. Жүргүлө, ага баралы».

    11:16 Ошондо эгиз деген да ысымы бар Томас башка шакирттерге: «Жүргүлө, биз да аны менен бирге өлөлү», – деди.

    11:17 Ыйса келгенде, Лазардын көргө коюлганына төрт күн болгонун укту.

    11:18 Бетания менен Иерусалимдин ортосундагы аралык болжол менен он беш стадий болгондуктан,

    11:19 көптөгөн жүйүттөр Марта менен Мариямга көңүл айтууга келишкен эле.

    11:20 Марта Ыйсанын келе жатканын укканда, алдынан тосуп чыкты. Мариям болсо эйдө калды.

    11:21 Марта Ыйсага: «Теңир! Сен бул жерде болгондо, бир тууганым өлмөк эмес.

    11:22 Бирок мен азыр да билем, Сен Кудайдан эмне сурасаң да, Кудай Сага берет», – деди.

    11:23 Ыйса ага: «Бир тууганың тирилет», – деди.

    11:24 Марта Ага: «Акыркы күнү, өлгөндөр тириле турган күнү тирилерин билем», – деди.

    11:25 Ыйса ага мындай деди: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет.

    11:26 Мага ишенип жашаган адам өлбөйт. Ушуга ишенесиңби?»

    11:27 Марта Ага: «Ооба, Теңир. Дүйнөгө келе турган Кудай Уулу Машайак Сен экендигиңе ишенем», – деди.

    11:28 Муну айткандан кийин, ал үйүнө барды да, сиңдиси Мариямды тымызын чакырып алып: «Устат бул жерде. Ал сени чакырып жатат», – деди.

    11:29 Муну угары менен, Мариям шашылыш тура калып, Ыйсага жөнөдү.

    11:30 Ыйса айылга кире элек болчу, Ал Марта менен жолуккан жерде эле.

    11:31 Мариямга көңүл айтканы келгендер анын эйдөн шашылыш чыгып кеткенин көрүшкөндө, «Бир тууганын жоктоп ыйлаш үчүн, мүрзөгө кетти го», – деп ойлоп, артынан кошо жөнөштү.

    11:32 Мариям болсо Ыйса турган жерге келди да, Аны көргөндө, бутуна жыгылып: «Теңир, Сен бул жерде болгондо, бир тууганым өлмөк эмес», – деди.

    11:33 Мариямдын жана аны менен келген жүйүттөрдүн ыйлаганын көргөн Ыйсанын каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздады.

    11:34 «Аны кайсы жерге койдуңар?» – деп сурады Ыйса. «Теңир, келип, өзүң көр», – деп жооп беришти алар.

    11:35 Ыйса көзүнө жаш алды.

    11:36 Ошондо жүйүттөр: «Карагылачы, Лазарды Ал кандай жакшы көрчү!» – дешти.

    11:37 Күү бирөөлөр болсо: «Бул сокурдун көзүн ачпады беле, анан ушуну өлүмдөн алып кала алган жокпу?» – дешти.

    11:38 Ыйса ичинен кайгырып, мүрзөгө басып келди. Ал оозу таш менен жабылган мүрзөлүк үңкүр эле.

    11:39 «Ташты алып салгыла!» – деди Ыйса. Ошондо өлгөн Лазардын бир тууганы Марта Ага: «Теңир! Жыттанып кетти го, коюлганына төрт күн болуп калбадыбы», – деди.

    11:40 Ошондо Ыйса ага: «Мен сага: “үгерде ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң”, – деп айткан жок белем?», – деди.

    11:41 Єңкүрдүн оозунан ташты алып салышкандан кийин, Ыйса асманды карап, мындай деди: «Ата, Мени уккандыгың үчүн, Сага ыраазымын.

    11:42 Мени дайыма угарыңды билем. Бирок муну Мени Сен жибергениңе ушул жерде турган эл ишенсин деп айтып жатам».

    11:43 Муну айткандан кийин, Ал бийик эн менен: «Лазар, чык!» – деди.

    11:44 Ошондо колу-буту кепинделген Лазар мүрзөдөн чыгып келди. Анын бети-башы да оролуу эле. Ыйса аларга: «Анын кепинин чечкиле, бассын», – деди.

    11:45 Мариямга келген жүйүттөрдүн көпчүлүгү Ыйсанын кылган ишин көрүшкөндө, Ага ишенип калышты.

    11:46 Ал эми күү бирөөлөрү фарисейлерге барып, Ыйсанын эмне кылганын айтып беришти.

    Башкы ыйык кызмат кылуучулардын чечими

    11:47 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер жогорку кеңешти чакырып, мындай дешти: «үмне кылсак? Бул Адам көптөгөн кереметтерди көрсөтүп жатат.

    11:48 үгерде Аны ушу бойдон тим койсок, баары Ага ишенип калат. Анан римдиктер келип, жерибизди да, элибизди да басып алышат».

    11:49 Алардын бири, ошол жылга башкы ыйык кызмат кылуучу болуп шайланган Кайапа мындай деди: «Силер үч нерсени билбейсиңер.

    11:50 Бүт эл жок болгондон көрө, эл үчүн бир адамдын өлгөнү силер үчүн жакшы болорун түшүнбөйсүңөр!»

    11:51 Муну ал оюнан чыгарып айткан жок: ошол жылы башкы ыйык кызмат кылуучу болгондуктан, Ыйсанын эл үчүн өлөрүн алдын ала айтты.

    11:52 Ал бир улут үчүн гана эмес, Кудайдын чачырап кеткен балдарын чогултуу үчүн да өлүшү керек болчу.

    11:53 Ошол күнү алар Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө чечим чыгарышты.

    11:54 Ошондон кийин Ыйса жүйүттөрдүн арасында ачык жүрбөй калды. Ал чөлгө жакын жердеги эпрайым деген шаарга кетти. Ал жерде шакирттери менен болду.

    11:55 Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындап калгандыктан, өлкөнүн туш тарабынан көптөгөн адамдар майрам алдында тазалануу үчүн, Иерусалимге келишти.

    11:56 Алар Ыйсаны издешти. Ийбадатканада туруп алышып: «Кандай деп ойлойсуңар, Ал майрамга келет болду бекен?» – деп, өз ара сүйлөшүп жатышты.

    11:57 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер болсо Ыйсаны кармаш үчүн, «Ыйсанын кайда экенин ким билсе, кабарлап койсун!» деген буйрук беришти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск