Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Мариямдын Ыйсаны жыпар жыттуу май менен майлашы

    12:1 Пасах майрамына алты күн калганда, Ыйса Бетанияга келди. Бул жерде Ал тирилткен Лазар жашачу.

    12:2 Ошол жерде Ага кечки тамак даярдашты. Марта кызмат кылып жүрдү. Лазар болсо Аны менен бирге бир дасторкондо отурду.

    12:3 Мариям нард деген өсүмдүктөн жасалган жыпар жыттуу, таза майдан бир фунт алып келип, Ыйсанын бутуна куйду, анан Анын буттарын чачы менен сүрттү. Єйдүн ичи жыпар жыттуу май жыттанып калды.

    12:4 Ыйсанын шакирттеринин бири, кийин Ага чыккынчылык кылган Шымон уулу Жүйүт Искариот мындай деди:

    12:5 «Бул майды үч жүз динарийге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болот эле да».

    12:6 Ал муну жакырлар үчүн кам көргөндүктөн эмес, ууру болгондуктан айтты. Акча салынуучу куту анда болгондуктан, ал ага салынган акчадан уурдап алчу.

    12:7 Ошондо Ыйса мындай деди: «Мариямды жайына койгула! Ал муну Менин көргө коюлар күнүмө сактап жүргөн.

    12:8 Анткени Мен силердин жаныңарда дайыма эле боло бербейм, жакырлар болсо дайыма жаныңарда болот».

    12:9 Жүйүттөрдүн көбү Ыйсанын Бетанияда экенин угушуп, Ыйсаны гана эмес, Ал тирилткен Лазарды да көрүү үчүн, Бетанияга келишти.

    12:10 Башкы ыйык кызмат кылуучулар болсо Лазарды да өлтүрүү жөнүндө чечим чыгарышты.

    12:11 Анткени аны көрүү үчүн келген жүйүттөрдүн көбү Ыйсага ишенип калышкан эле.

    Ыйсанын Иерусалимге салтанат менен кириши

    12:12 Кийинки күнү майрамга келген элдин көпчүлүгү Ыйсанын Иерусалимге келерин угушканда,

    12:13 дарактардын бутактарын алып: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга, Ысрайыл элинин Падышасына даңк!» – деп, Аны кыйкырып тосуп чыгышты.

    12:14 Ыйса бир кодикти таап минип алган эле. Бул жөнүндө Ыйык Жазууда:

    12:15 «Коркпо, Сион кызы! Сенин Падышаң кодик минип келе жатат!» – деп жазылган.

    12:16 Шакирттери муну адегенде түшүнүшкөн эмес. Бирок Ыйса даңкталгандан кийин, алар бул сөздөрдүн Ал жөнүндө жазылгандыгын, Ага ошондой кылынгандыгын үстешти.

    12:17 Ыйсанын жанында жүргөн эл Анын Лазарды мүрзөдөн чакырып, тирилткенин күбөлөндүрүп жатты.

    12:18 Ошондуктан Ыйсанын бул кереметти кылганын уккан эл Аны алдынан тосуп чыкты.

    12:19 Фарисейлер болсо: «Көрдүңөрбү, үч нерсе кыла албай калдыңар! Бүт дүйнө Анын артынан эүрчип кетти!» – деп, өз ара сүйлөшүп жатышты.

    үллиндердин Ыйсаны көрүүнү каалашы

    12:20 Кудайга табынуу үчүн майрамга келгендердин арасында эллиндер да бар эле.

    12:21 Алар Галилеянын Бетсайида шаарынан болгон Филипке келишип: «Мырза, биз Ыйсаны көрсөк дедик эле», – дешти.

    12:22 Филип бул жөнүндө Андрейге барып айтты. Анан Андрей менен Филип экөө Ыйсага барып айтышты.

    Уулдун Ата аркылуу даңкталышы

    12:23 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Адам Уулунун даңкталар убактысы келип калды.

    12:24 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде буудайдын даны жерге түшкөндөн кийин өлбөсө, бирөө бойдон гана калат. эгерде өлсө, көп түшүм берет.

    12:25 Ким өз жанын сүйсө, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат.

    12:26 Ким Мага кызмат кылгысы келсе, ал Мени эүрчисин. Мен кайсы жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ким Мага кызмат кылса, аны Атам урматтайт».

    12:27 Анан Ыйса мындай деди: «Азыр жаным кыйналып турат. эмне дейин? “Ата! Мени ушул сааттан куткара көр”, – дейинби? Бирок Мен ушул саат үчүн келгем.

    12:28 Ата! өз ысымыңды даңкта!» Ошондо асмандан «Даңктадым, дагы да даңктайм» деген эн угулду.

    12:29 Ошол жердеги муну уккан адамдардын күү бирөөлөрү: «Күн күркүрөдү», – дешсе, күү бирөөлөрү: «Ага периште сүйлөдү», – дешти.

    12:30 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Бул сөз Мен үчүн эмес, силер үчүн айтылды.

    12:31 Бул дүйнөнүн соттолор маалы келди. эми бул дүйнөнүн төрөсү сыртка куулуп чыгарылат.

    12:32 Мен жерден көтөрүлүп кеткенден кийин, бардыгын өзүмө тартам».

    12:33 Ыйса муну кандай өлүм менен өлөрүн билдирүү үчүн айтты.

    12:34 үл болсо Ага мындай деди: «Ыйык Жазуудан укканыбызга караганда, Машайак түбөлүк жашайт. Анан Сен кандайча: “Адам Уулу жогору көтөрүлүп кетиши керек”, – дейсиң? Адам Уулу деген Ким?»

    12:35 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Жарык дагы бир аз убакыт силер менен болот. Караңгыга калбаш үчүн, жарык барда жүргүлө. Караңгыда жүргөн адам кайда бара жатканын билбейт.

    12:36 Жарык силер менен болуп турганда, жарыкка ишенгиле, ошондо жарыктын балдары болосуңар». Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, ал жерден кетип, элдин көзүнөн далдаа болду.

    үлдин ишенбестиги

    12:37 Ыйса көптөгөн кереметтерди көрсөтсө да, алар Ага ишенишкен жок.

    12:38 Ышайа пайгамбардын «Теңир! Бизден уккан кабарга ким ишенди? Теңирдин күчү кимге көрсөтүлдү?» деген сөздөрү аткарылышы үчүн ушундай болду.

    12:39 Ошондуктан алар ишене алышкан жок. Ышайа мындай деп да айткан:

    12:40 «Алардын көздөрү сокур, ал эми жүрөктөрү таш болуп калган. Ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, түшүнүшпөйт, айыгыш үчүн, Мага кайрылышпайт».

    12:41 Ышайа бул сөздөрдү Ыйсанын даңкын көрүп, Ал жөнүндө сүйлөгөндөн кийин айткан.

    12:42 Ошондой болсо да, жүйүт башчыларынын көбү Ыйсага ишенип калышты. Бирок синагогадан чыгарылып калбаш үчүн, ишенип калышканын фарисейлердин алдында ачык айтышкан жок.

    12:43 Анткени Кудайдын даңктаганына караганда, адамдын даңктаганын артык көрүштү.

    Ыйсанын акыркы эскертүүсү

    12:44 Ыйса үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Мага ишенген адам Мага эмес, Мени жиберген Кудайга ишенген болот.

    12:45 Мени көргөн адам Мени жиберген Кудайды көргөн болот.

    12:46 Мага ишенгендердин бирөө да караңгыга калбашы үчүн, Мен дүйнөгө жарык болуп келдим.

    12:47 Сөздөрүмдү угуп, бирок аларды аткарбаган адамды Мен соттобойм. Анткени Мен бул дүйнөнү соттоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келгем.

    12:48 Мени четке кагып, сөздөрүмдү кабыл албаган адам үчүн сот бар: Мен айткан сөздөр аны акыркы күнү соттойт.

    12:49 Анткени Мен өз атымдан сүйлөгөн жокмун, Мени жиберген Атамдын осуяты боюнча сүйлөп жатам. эмнени айтып, эмнени сүйлөө керектигин Мага Мени жиберген Атам осуят кылган.

    12:50 Анын осуяты болсо түбөлүк өмүр экенин билем. Демек, Атам Мага эмнени айтса, Мен ошону айтам».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск