20:1 Шарап адамды шылдың кылат, күчтүү ичкилик адамды оолуктурат, буларга берилгендердин баары акылсыз.
20:2 Падышанын каары арстандын айкырыгындай, аны каарданткан адам өзүнө каршы күнөө кылат.
20:3 Чыр-чатактан качуу – адам үчүн абийир, ал эми акылсыз адам жаңжалчыл болот.
20:4 Жалкоо адам кышында жер айдабайт, оруу-жыюу маалында издеп, үч нерсе таппайт.
20:5 Адамдын жүрөгүндөгү ойлор – терең суулар, бирок акылдуу адам алардан сузуп ала берет.
20:6 Көптөр адамды ырайымдуулугу үчүн макташат, бирок чынчыл адамды ким табат?
20:7 Адил адам түз жүрөт, анын артында калган балдары бактылуу!
20:8 Сот тагында отурган падыша көз карашы менен бардык жамандыкты кубалайт.
20:9 «Мен жүрөгүмдү тазаладым, мен күнөөмдөн тазамын», – деп, ким айта алат?
20:10 Бирдей эмес тараза, бирдей эмес чен-өлчөм Теңирдин алдында жийиркеничтүү.
20:11 өспүрүмдүн жүрүм-турумунун туура же туура эмес экенин кылган ишинен билип алууга болот.
20:12 Уккан кулакты, көргөн көздү Теңир жараткан.
20:13 Жакыр болбошуң үчүн, уктаганды жакшы көрбө. Көзүңдү ачып сергек бол, ошондо нанды тойгуча жейсиң.
20:14 Сатып алуучу: «Жаман, жаман», – дейт, бирок мындай басканда: «Жакшы, жакшы», – деп мактанат.
20:15 Алтын да, көп бермет да бар, бирок акылдуу сүйлөгөн ооз алардан кымбат.
20:16 Бирөөгө кепил болгон адамдын көйнөгүн алып кал, чоочун бирөө үчүн кепил болгон адамдан күрөө ал.
20:17 Алдамчылык менен табылган нан таттуу, бирок жегенден кийин, ооз шагылга толот.
20:18 Ой-максат кеңеш аркылуу бекемделет, кеңешип алып согуш жүргүз.
20:19 Сөз ташыган адам бирөөнүн сырын ачат. Оозун чоң ачкан адам менен байланышпа.
20:20 Атасы менен энесине тил тийгизген адамдын чырагы коюу караңгылыкта өчөт.
20:21 Шашылыш тартылып алынган мурас бата алып келбейт.
20:22 «Жамандык үчүн өч алам», – дебе, Теңирге кой, ошондо Ал сени сактайт.
20:23 Туура эмес тараза таштары Теңирдин алдында жийиркеничтүү, туура эмес таразалар жакшы эмес.
20:24 Адамдын кадамын Теңир багыттайт, ошондуктан адам өз жолун кантип биле алат?
20:25 Шашып убада берип коюп, андан кийин ойлонуу – адамга тузак.
20:26 Акылдуу падыша мыйзамсыздарды сапырат, аларды дөңгөлөк астында калтырат.
20:27 Адамдын руху – Теңирдин чырагы, ал адамдын жүрөгүнүн тереңин сынайт.
20:28 Падышаны кайрымдуулук менен акыйкаттык сактап турат, ал өз тагын ырайымы менен кармап турат.
20:29 Жаштардын атак-даңкы – алардын күчү, ал эми карылардын сөөлөтү – алардын ак чачы.
20:30 Таяктан алган жараат – кыянаттыкка каршы даба, ичти аралап өткөн соккулар – жамандыкка каршы даба.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК