21:1 Падышанын жүрөгү Теңирдин колунда: Ал аны агын суудай, каалаган жагына бурат.
21:2 Адамдын бардык жолу өзүнө түз көрүнөт, бирок жүрөктү Теңир салмактайт.
21:3 Курмандык чалганга караганда, акыйкаттык менен чындыкты сактоо Теңирге көбүрөөк жагат.
21:4 Мыйзамсыздарды айырмалап турган текебер көз менен менменсинген жүрөк – күнөө.
21:5 Аракетчил кишинин ойлору молчулукка умтулат, ал эми ар бир шашма адам зыян тартат.
21:6 Жалган тил менен тапкан байлык – бат тараган буу, андай байлыкка умтулгандар өздөрүнө өлүм издешет.
21:7 Мыйзамсыздардын зордук-зомбулугу өздөрүнүн башына түшөт, анткени алар акыйкаттыкты сактоодон баш тартышты.
21:8 Бузулган адам терс жолдо жүрөт, ал эми таза адам туура иш кылат.
21:9 Ажаан аял менен заңгыраган эйдө жашаганча, эйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган артык.
21:10 Мыйзамсыздын жаны кыянаттыкты жакшы көрөт, ал өз досуна да ырайым кылбайт.
21:11 Шылдыңчыл адам жазаланганда, жөнөкөй адам акылдуу болуп калат; акылдуу адам насаат укканда, билими дагы көбөйөт.
21:12 Адил адам мыйзамсыздын үйүн карап, анын жамандыкка кабылганын көрөт.
21:13 Жакырдын ыйын укпай, кулагын жаап алган адам өзү да ыйлайт, бирок аны үч ким укпайт.
21:14 Жашыруун берилген белек ачууну басат, жең ичинен берилген тартуу катуу каарды кайт кылат.
21:15 Акыйкаттыкты сактоо – адил адам үчүн кубаныч, кыянаттык кылгандар үчүн коркунуч.
21:16 Түз жолдон чыккан адам өлгөндөргө кошулат.
21:17 Оюн-күлкүнү жакшы көргөн адам жакырданат, ал эми шарап менен майды жакшы көргөн адам үч качан байыбайт.
21:18 Адил адамдын кунуна мыйзамсыз адам кетет, арамдыгы жок адамдын кунуна амалкөй адам кетет.
21:19 Ажаан, ачуулуу аял менен жашаганча, эүн талаада жашаган жакшы.
21:20 Акылдуунун үйүндө суктандырган байлык жана май болот, ал эми акылсыз аларды чачат.
21:21 Акыйкаттык менен кайрымдуулукту сактаган адам өмүрдү, чындыкты, атак-даңкты табат.
21:22 Акылдуу адам күчтүүлөрдүн шаарына кирет да, алардын таянган чебин кулатат.
21:23 Оозун жана тилин тыйган адам өз жанын жамандыктан сактайт.
21:24 Текебер бузукунун аты – шылдыңчыл, ал текеберликтин күүсү менен иш кылат.
21:25 Жалкоону өзүнүн ачкөздүгү өлтүрөт, анткени анын колдору иштегиси келбейт.
21:26 Ал күн сайын аябай ачка болуп турат, адил адам болсо бере берет, бергенине өкүнбөйт.
21:27 Мыйзамсыздардын курмандыгы жийиркеничтүү, айрыкча алардын эки жүздүүлүк менен алып келгени жийиркеничтүү.
21:28 Жалган күбө өлөт, ал эми билгенин айткан адам ар дайым сүйлөйт.
21:29 Мыйзамсыз адамдын бети калың, ал эми адил адам түз жүрөт.
21:30 Теңирге каршы даанышмандык да, акылмандуулук да, акыл-кеңеш да жок.
21:31 Атты согуш күнүнө карата даярдайт, бирок жеңиш Теңирден келет.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК