Улуу Падыша
23:1 Дөөттүн забуру. Жер жана анда болгон бардык нерселер, аалам жана анда жашагандардын бардыгы Теңирдики.
23:2 Анткени Ал жерди деңиздердин үстүнө негиздеп, дарыялардын үстүнө орноткон.
23:3 Ким Теңирдин тоосуна чыга алат? Же ким Анын ыйык жеринде тура алат?
23:4-5 Колу жамандыкка барбаган, жүрөгү таза, жанын жеп карганбаган, жалган ант бербеген адам гана Теңирдин батасын алат, Куткаруучу Кудайынын ырайымын көрөт.
23:6 Сени издегендер, Сенин жүзүңдү издегендер ушундай, Жакыптын Кудайы!
23:7 Дарбазалар, баш капкаңарды көтөргүлө, түбөлүк эшиктер, каалгаңарды ачкыла, даңк Падышасы кирсин!
23:8 Ал даңк Падышасы ким? Ал – кудуреттүү, күчтүү Кудай, майданда күчтүү Теңир.
23:9 Дарбазалар, баш капкаңарды көтөргүлө, түбөлүк эшиктер, каалгаңарды ачкыла, даңк Падышасы кирсин!
23:10 Ал даңк Падышасы ким? Ал – Теңир Себайот, даңк Падышасы.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК