Жетектөөсүн жана коргоосун сурап Кудайга сыйынуу
24:1 Дөөттүн забуру. Теңир, жанымды Сенин алдыңа алып келем.
24:2 Кудайым! Сага таянам, уятка калбайын, душмандарым мага үстөмдүк кылышпасын.
24:3 Сенден эмүттөнгөндөрдүн баары уятка калышпасын. Мага себепсиз жамандык кылгандар уятка калышсын.
24:4 Теңир, мага өз жолуңду көрсөт, өз жолуңда жүргөндү эйрөт.
24:5 Мени өз чындыгыңа багытта, эйрөт, анткени Сен мени куткарган Кудайсың. Ар күнү Сенден эмүттөнөм.
24:6 Теңир, кең пейилдигиңди, кайрымдуулугуңду үсте, анткени алар түбөлүктүү.
24:7 Менин жаш кезде кылган күнөөлөрүм менен кылмыштарымды үстебе. Мени өзүңдүн кең пейилдигиң, ырайымдуулугуң боюнча үсте, Теңир!
24:8 Теңир кең пейил, адилет, ошондуктан Ал күнөөкөрлөрдү түз жолго салат.
24:9 Момундарды чындыкка бурат, момундарга өз жолунда жүргөндү эйрөтөт.
24:10 Теңирдин бардык жолдору – Анын келишими менен мыйзамын сактагандар үчүн ырайым жана чындык.
24:11 өз ысымың үчүн, Теңир, күнөөмдү кечир, анткени менин күнөөм чоң.
24:12 Теңир өзүнөн корккон адамга кайсы жолду тандап алууну көрсөтөт.
24:13 Ал жыргал турмушта жашайт, тукуму жерди мурастап алат.
24:14 Теңирдин жашыруун сыры – Кудайдан корккондорго, Ал өзүнүн келишимин ошолорго жарыялайт.
24:15 Менин көздөрүм дайыма Теңирде, анткени Ал буттарымды тордон чыгарат.
24:16 Мага назар салып, ырайым кыл, анткени мен жалгызмын, кыйналдым.
24:17 Жүрөгүмдөгү кайгы көбөйдү, мени кыйынчылыктан куткар.
24:18 Азап тартып кыйналып жатканыма көңүл бур, бардык күнөөмдү кечире көр.
24:19 Менин душмандарымды кара, алар канчалык көп, алар мени ушунчалык жек көрүшөт.
24:20 Жанымды сакта, мени куткар, мен Сага таянгандыктан, үч уятка калбайм.
24:21 Актыгым менен адилеттигим мени сактап келет, анткени мен өзүңө таянам.
24:22 Кудайым, Ысрайылды бардык кайгысынан куткар.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК