Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Захария 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Кудайдан кечирим суроого чакыруу

    1:1 Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылында, сегизинчи айда Ыда уулу, Берехия уулу Захария пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:

    1:2 «Теңир силердин ата-бабаларыңарга катуу каарданды.

    1:3 Ошондуктан сен аларга айт: Себайот Теңир мындай дейт де: “Мага кайтып келгиле, – дейт Себайот Теңир, – ошондо Мен да силерге кайтып келем, – дейт Себайот Теңир.

    1:4 Ата-бабаларыңардай болбогула, аларга мурунку пайгамбарлар мындай деп айтышкан: Себайот Теңир мындай дейт: «Кыянат жолдоруңардан, жаман иштериңерден кайткыла». Бирок алар тил албай, Мага кулак салбай коюшкан, – дейт Теңир.

    1:5 Ата-бабаларыңар азыр кайда? Пайгамбарларыңарчы? Алар түбөлүк жашамак беле?

    1:6 Бирок өзүмдүн кулдарым пайгамбарларга осуят кылган сөздөрүм менен чечимдерим силердин ата-бабаларыңарга жеткен жок беле? Алар кайрылып: «Себайот Теңир жолдорубузга жана иштерибизге жараша бизге эмне кылууну чечсе, ошону кылды»”», – деп айтышкан.

    Жүүрде ат минген адам жөнүндөгү көрүнүш

    1:7 Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылында, он биринчи ай – Шебат айынын жыйырма төртүнчү күнү Ыда уулу, Берехия уулу Захария пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:

    1:8 Мен түндө мындай көрүнүш көрдүм: капчыгайдагы мирта дарактарынын арасында жүүрде ат минген бир киши туруптур, анын артында жүүрде, тору жана боз аттар бар экен.

    1:9 Ошондо мен: «Булар кимдер, мырзам?» – деп сурадым. Ошондо мени менен сүйлөшкөн периште мага: «Булардын кимдер экенин мен сага көрсөтөм», – деди.

    1:10 Анан мирта дарактарынын арасында турган киши: «Булар – жер үстүн кыдырып чыгууга Теңир тарабынан жиберилгендер», – деди.

    1:11 Ошондо алар мирта дарактарынын арасында турган Теңирдин периштесине: «Биз жер үстүн кыдырып чыктык, бардык жерге эл отурукташыптыр, бүт жер тынч экен», – дешти.

    1:12 Ошондо Теңирдин периштеси: «Себайот Теңир! Иерусалимге жана Жүйүт шаарларына качанкыга чейин ырайым кылбайсың? Сен аларга жетимиш жылдан бери каарыңды төгүп келе жатасың», – деди.

    1:13 Ошондо мени менен сүйлөшкөн периштеге жооп кылып, Теңир жакшы сөздөрдү, соорото турган сөздөрдү айтты.

    1:14 Анан мени менен сүйлөшкөн периште мага мындай деди: «Жар салып айт, Себайот Теңир мындай дейт: “Мен Иерусалим менен Сионду чоң кызганыч менен кызганып жатам.

    1:15 Тынч жаткан элдерге катуу каарданып жатам, анткени Мен аларга аз каарданганда, алар мыйзамсыздыкты күчөтүп жиберишти”.

    1:16 Ошондуктан Теңир мындай дейт: “Мен Иерусалимге ырайым кылуу үчүн кайтып келдим. Иерусалимге Менин үйүм курулат, – дейт Себайот Теңир, – жер ченегич аркан Иерусалимдин үстүнөн тартылат”.

    1:17 Дагы мындай деп жар сал: Себайот Теңир мындай дейт: “Менин шаарларым кайрадан байлыкка толот, Теңир Сионду кайрадан сооротот, Иерусалимди кайрадан тандап алат”».

    Төрт мүйүз жана төрт темир уста жөнүндөгү көрүнүш

    1:18 Мен башымды көтөрүп, төрт мүйүздү көрдүм.

    1:19 Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Бул эмне?» – деп сурадым. Ал мага: «Булар – Жүйүттү, Ысрайылды жана Иерусалимди туш-тушка чачыратып жиберген мүйүздөр», – деп жооп берди.

    1:20 Андан кийин Теңир мага төрт темир устаны көрсөттү.

    1:21 Мен: «Булар эмне кылганы келе жатышат?» – деп сурадым. Ал мага: «Бул мүйүздөр Жүйүттү туш-тушка чачыратып жиберишти, алардын үч бири башын көтөрө албай калды. Бул төрт темир уста болсо аларды коркутуш үчүн, Жүйүттү туш-тушка чачыратып жибериш үчүн, Жүйүт жерине каршы өздөрүнүн мүйүзүн көтөргөн элдердин мүйүздөрүн сындырыш үчүн келди», – деп жооп берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск