13:1 Ошол күнү Дөөт тукумуна жана Иерусалим тургундарына күнөө менен ыпыластыкты жууй турган булак ачылат.
13:2 Ошол күнү мындай болот, – дейт Себайот Теңир, – Мен бул жерден жасалма кудайлардын ысымдарын жок кылам, алар мындан ары эскерилбейт, ошондой эле жалган пайгамбарлар менен таза эмес рухту бул жерден жок кылам.
13:3 Ошондо ким пайгамбарчылык кыла турган болсо, анда ага өзүнүн атасы менен энеси: “Сен жашабашың керек, анткени сен Теңирдин ысымы менен жалган сүйлөп жатасың”, – деп айтышат. Ал пайгамбарчылык кылганда, аны өзүнүн атасы менен энеси өлтүрүп салат.
13:4 Ошол күнү мындай болот: пайгамбарлар уят болушат, пайгамбарчылык кылып жатканда, ар бири өзү көргөн көрүнүшү үчүн уят болот, ошондон кийин алар алдаш үчүн кийген өздөрүнүн кыл чапанын кийбей калышат.
13:5 Алардын ар бири: “Мен пайгамбар эмесмин, дыйканмын, анткени мени бала чагымда эле бир адам кул кылып алган”, – дейт.
13:6 Андан: “үки колуңдун ортосундагы эмнеден болгон жарааттар?” – деп сурашат. Ошондо Ал: “Мени сүйгөндөрдүн үйүндө Мени сабашты”, – деп жооп берет.
Улуу Кайтаруучунун өлүмү
13:7 Оо кылыч! Менин койчума каршы, Менин жакыныма каршы көтөрүл! – дейт Себайот Теңир, – койчуну өлтүр, ошондо койлор туш-тушка чачырайт! Мен колумду кичинелерге каршы бурам.
13:8 Бүт жер жүзүндө мындай болот: жер үстүндө жашагандардын эчтөн эки бөлүгү жок кылынат, ал эми эчтөн бир бөлүгү аман калат, – дейт Теңир.
13:9 Бул эчтөн бир бөлүктү отко салып, күмүштү эриткендей эритем, алтынды тазалагандай тазалайм. Алар Менин ысымымды чакырышат, Мен аларга жооп берем, “Бул Менин элим!” – деп айтам. Алар болсо: “Теңир менин Кудайым!” – дешет.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК